Эрдоган Малазгирт жеңишинин 951 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышты
Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Улуу Селжук мамлекетинин өкүмдары Алпарсланды эскерди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түштүк чек араларыбызды 30 чакырым тереңдиктеги коридор менен бекемдегенге чейин (терроризмге каршы) күрөшүбүздүн бүтпөй турганын дагы бир жолу бүткүл дүйнөгө билдиремин»,-деди.
Президент Эрдоган Битлистин Ахлат районунда Малазгирт жеңишинин 951 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты.
Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Анадолунун дарбазасын түрктөргө ачкан Малазгирт жеңишинин 951 жылдыгында, жеңишти ишке ашырган Улуу Селжук мамлекетинин башкаруучусу Алпарсланды эскерди.
Эрдоган: «Жаштарыбыздын Ахлат менен Малазгиртке кам көргөнүн көргөн сайын, улуу жана күчтүү Түркиянын келечегине болгон ишенимибиз артып, 2053-жылга карата үмүтүбүз өсүүдө»,-деди.
Президент Эрдоган: «Ахлат жана Малазгирт биздин цивилизациябызды кайрадан көтөрүү эркибиздин аттары; досторубузга ишеним, душмандарыбызга коркуу сезимин берген көтөрүлүүбүздүн мөөрү»,-деп айтты.
«Дүйнө жүзүнө дагы бир жолу билдире кетейин, түштүк чек араларыбызды 30 чакырым тереңдиктеги коридор менен бекемдегенге чейин (терроризмге каршы) күрөшүбүз бүтпөй»,-деген президент: «Биз өлкөбүздүн коопсуздук приоритеттерине жана өзүбүздүн планыбызга ылайык операцияларды улантабыз. Бир түнү күтүлбөгөн жерден (Сириянын түндүгүнө) келишибиз мүмкүн. Каалаган жерге келе алабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.