«Mein Schiff 5» Бодрумга келди

275 метрлик "Mein Schiff 5" кемесинде көпчүлүгү Германиядан 2509 жүргүнчү жана 921 кызматкер бар.

1869171
«Mein Schiff 5» Бодрумга келди

Мальта желектүү «Mein Schiff 5» аттуу круиздик кеме Мугланын Бодрум районуна келди.

Соуда-Крит портунан чыгып Бодрум круиз портуна токтогон 275 метрлик "Mein Schiff 5" кемесинде көпчүлүгү Германиядан 2509 жүргүнчү жана 921 кызматкер бар.

Кемеден түшкөн жүргүнчүлөр бажыдан өткөндөн кийин Пашатарласы, Кумбахче жана Жумхуриет көчөлөрүндө жөө басып соода кылышты. Айрымдары да Бодрумдун жээгинде деңизде сүзүп, тарыхый жерлерди кыдырышты.



Тектеш кабарлар