УКМден Кипр тууралуу маалымат берилди

Улуттук коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта грек террордук уюму ЭОКАнын 1958-жылдан бери системалуу түрдө Кипр түрктөрүнө кол сала баштаганы эске салынды.

1867731
УКМден Кипр тууралуу маалымат берилди

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) Кипрдеги жалгыз чечимдин эки мамлекеттүү түзүлүш катары каралышы керектиги белгиленип, «Кипрлик түрк боордошторубуздун адилеттүү иштеринде дайыма жанында болууну улантабыз»,деп баса белгиленди.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта грек террордук уюму ЭОКАнын 1958-жылдан бери системалуу түрдө Кипр түрктөрүнө кол сала баштаганы эске салынып:«Бул кол салуулар убакыттын өтүшү менен түрктөргө каршы кыйноо жана мыкаачылык менен өлтүрүүлөрдөн улам геноцидге айланды»,делди.

Кипрде 1963-жылдын 23-декабрында бүткүл дүйнөнүн көз алдында түрктөргө карай жапайы жана ырайымсыз кыргындын «Кандуу Рождество» катары эстеликтерге жазылып калганына көңүл бурулуп, төмөнкү сөздөр орун алды: «Террористтер жана алардын коркок колдоочулары бала, аял, кары-картаң дебей туугандарыбызды жок кылуу үчүн кол салууларын узак убакыт бою улантышты. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) 1974-жылы июлда бул куугунтукту токтотуу жана калыбына келтирүү жана өрт чыккан жерге айланган аралда тынчтык орнотуу үчүн иш-аракеттерди баштаган. Кепилдик укуктарынын алкагында 48 жыл мурда ишке ашкан Кипр тынчтык операциясында түрктөрдүн да, гректердин да коопсуздугу камсыздалган. Кипр тынчтык операциясын басып алуу деп атагандар, тарыхый чындыктарды көрмөксөнгө салгандар, 1958-1974-жылдар аралыгында болгон кыргындарды дүйнөнүн көрүшүнө жол бербөөгө аракет кылгандар болушкан».

Билдирүүдө Тынчтык операциясынан бери аралда бир да киши каза болбогону, аралга тынчтык, бейпилдик жана бакубаттык келгени баса белгиленген билдирүүдө, «Кипрдеги жалгыз чечимдин эки мамлекеттүү түзүлүш экени эми көрүлүшү керек. Биз ар дайым кипрлик түрк боордошторубуздун адилеттүү иштеринде жанында болууну улантабыз!»,деген баа берилди.



Тектеш кабарлар