Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт болду

Түрк аба жолдору болсо күнүмдүк орточо 1488 рейс менен эң көп каттам жасаган авиакомпаниялардын арасында 3-орунга чыкты.

1868026
Стамбул аэропорту Европадагы эң кыймылдуу аэропорт болду

Стамбул аэропорту 8-14-август күндөрүнүн аралыгында күнүмдүк орточо 1332 каттам менен Европадагы эң кыймылдуу аэропорттордун арасында биринчи орунду ээледи.

Жарандык авиация башкы директорлугунун социалдык медиа аккаунтунан Европанын аба навигация коопсуздугу уюмунун (EUROCONTROL) өткөн аптадагы аба кыймылына байланыштуу маалыматтар бөлүшүлдү.

Буга ылайык Стамбул аэропорту 8-14-август аралыгында күнүмдүк орточо 1332 каттам менен Европадагы эң кыймылдуу аэропорттордун арасында биринчи орунду ээледи.

Стамбул аэропортунан кийин Париж Шарль де Голль, Амстердам, Франкфурт жана Лондон Хитроу аэропорттору орун алды.

Түрк аба жолдору болсо күнүмдүк орточо 1488 рейс менен эң көп каттам жасаган авиакомпаниялардын арасында 3-орунга чыкты.



Тектеш кабарлар