Малайзиянын королу бүгүн Түркияга келет

Султан Абдуллах Шахтын бүгүн ханыша Тунку Азиза Амина Маймунах Искандария менен баштала турган сапары, 30 жылга жакын убакыттан кийин Малайзиядан президент деңгээлинде Түркияга жасалган алгачкы сапар.

1867685
Малайзиянын королу бүгүн Түркияга келет

Малайзиянын королу Султан Абдулла Ри'аятуддин Эль Мустафа Биллах Шах президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен бүгүн Түркияга расмий сапар менен келет.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан жасалган билдирүүгө ылайык, «Жогорку деңгээлдеги байланыштар Малайзия менен достуктун, өз ара ишенимдин жана элдердин жыргалчылыгынын негизинде тез өнүгүп жаткан мамилелердин шартында күч алды».

Ушул алкакта Малайзиянын премьер-министри Исмаил Сабри Якуб июль айында Түркияга келген жана бул жанаша эки өлкөнүн карым-катнаштары «Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине көтөрүлгөн.

Султан Абдуллах Шахтын бүгүн ханыша Тунку Азиза Амина Маймунах Искандария менен баштала турган сапары, 30 жылга жакын убакыттан кийин Малайзиядан президент деңгээлинде Түркияга жасалган алгачкы сапар.



Тектеш кабарлар