Эрдоган: «Кээ бир Европа өлкөлөрүнүн арамза жана ыплас оюндарын бузабыз»

Президент Эрдоган кечээ Невшехирде Анадолунун руханий архитектору Хажы Бекташ-ы Велини эскерүү иш-чараларына катышты.

1867530
Эрдоган: «Кээ бир Европа өлкөлөрүнүн  арамза жана ыплас оюндарын бузабыз»
erdogan haci bektas anma.jpg
erdogan nevsehir.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кээ бир Европа өлкөлөрүнүн Түркиядагы Алеви-Бекташи топтору үчүн ыплас оюн ойноп жатканын айтты.

Президент Эрдоган кечээ Невшехирде Анадолунун руханий архитектору Хажы Бекташ-ы Велини эскерүү иш-чараларына катышты.

Хажы Бекташ Велинин түбөлүк жайына кетишинин 751 жылдыгын эскерүү программасында сөз сүйлөгөн Эрдоган, бул өлкөнүн 85 миллион атуулунун бардыгынын мамлекеттин сыйлуу мүчөлөрү экенин айтты.

Эрдоган, кээ бир Европа өлкөлөрүнүн Алеви-Бекташи топторуна карата ыплас оюн ойноп жатканын айтып:«Биз чогуу бул арамза жана ыплас оюнду бузабыз»,-деди.

Президент Эрдоган:«Менин оюмча, сиз да кээ бир европалык мамлекеттер өлкөбүздүн ар бир бөлүгү сыяктуу биздин алеви бекташи жарандарыбыз аркылуу ойноого аракет кылып жаткан ыплас оюнду көрдүңүз. Алеви-Бекташи жамаатын Исламдан ажыратууга аракет кылуу менен ташталган биринчи кадамдын уландысы элибизди бири-бирине каршы коюу болот»,-деп айтты.

Биримдик жана ынтымак билдирүүсүн берген Эрдоган, улут катары ар кандай жаман оюнду талкалай тургандарын баса белгиледи.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы бир жемевиге болгон сапарын эске салып, айрыкча бул сапар учурунда чогулган 8740 суроого байланыштуу акыркы абалды бөлүштү.

Президент:«Бул өтүнүчтөрдүн 5600ү тез арада канааттандырылды. Башка талаптар боюнча биздин Ички иштер, Маданият жана Адилет министрликтери биргеликте иш алып барууда. Бул жакын арада жыйынтыкталат деп үмүттөнөбүз. Мындан тышкары, жакында ар кайсы облустарыбызда пайдубалы түптөлүп, курулушу бүткөрүлгөн 8 жемевинин ачылыш аземин өткөрөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар