Түркия Израилдин Газага кол салууларын айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө орун алды.

1864726
Түркия Израилдин Газага кол салууларын айыптады

Түркия Израилдин Газага абадан кол салуусун жана Месжид-и Аксага кирип барууларын айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,« Израилдин 5-августта Газага карата баштаган, арасында балдар да болгон көптөгөн жайкын тургундардын өлүмүнө себеп болгон кол салуулардан тышкары бүгүн Израилдин депутаты Итамар Бен-Гвир жана фанатик жөөт топтору Израилдин коргоосу астында Месжид-и Аксага кирип баргандары белгилүү болду. Израилдин жайкын тургундарга карата уланып жаткан кол салууларын жана Акса мечитинде ибадат кылуу аракетин катуу айыптайбыз»,делди.

Харем-и Шариф жана Месжид-и Аксадагы абалды ачык бузууну түзгөн жогоруда айтылган провокациячыл кыймылдардын аймактагы чыңалууну дагы да күчөтө турганы баса белгиленип, Израиль өкмөтүнө карай Харем-и Шарифтин статусу жана рухийлиги бутага алынган мындай аракеттерге жол бербөөгө чакырык жасоо кайталанганы билдирилди.

Израилдин курчоого алынган Газа тилкесине 5-августта баштаган кол салуулары бүгүн да уланып, Израилдин ашынган улутчул парламентарийи Итамар Бен-Гвир баш болгон 2201 фанатик жөөт отурукташуучусу Месжид-и Аксага кирип барышкан.



Тектеш кабарлар