Дан ташыган үч кеме жол тартты

Панама, Мальта жана Түркия желектүү кемелердин Украинадан жол тартканы билдирилди.

1863934
Дан ташыган үч кеме жол тартты

Улуттук Коргоо министрлиги жүгөрү ташыган Панама, Мальта жана Түркия желектүү кемелердин Украинадан жол тартканын маалымдады. 

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Украинадан Ирландияга 33 миң тонна жүгөрү ташыган Панама желектүү «Navistar» кемеси Одесса портунан жөнөп кетти. Кеме Стамбулдун түндүгүндө Биргелешкен координациялык борбор тарабынан текшерилет.

13 миң тонна жүгөрү ташыган экинчи кеме Украинадан Британияга баруу үчүн Черноморск портунан жол тартты. Мальта желектүү «Рожен» кемесине да Биргелешкен координациялык борбор көз салат.

Украинанын Черноморск портунда күтүп турган түрк желектүү "Поларнет" кемеси да Карасуга келүү үчүн жолго чыкты. 12 миң тонна жүгөрү ташыган кемени Карасуга жеткенде Биргелешкен топ текшерет.



Тектеш кабарлар