Террористтерге каршы күрөш

Дагы эки террорист жок кылынып, эки террорист багынып берди.

1862961
Террористтерге каршы күрөш

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 2 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз Ирактын түндүгүндөгү террор уюктарын талкалоону улантууда. Гарада аныкталган 2 ПКК террористи жок кылынды. Террор буталарына таасирдүүү сокку уруубуз уланып жатат»,-деп кабарланды.

Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-кулпу» операциясы аймагында ПККга мүчө 3 террористтин таасирсиз абалга келтирилгени белгиленди.

Ички иштер министринин орун басары жана министрликтин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы болсо маалымат жыйында июль айында жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларында жалпы 68 террористтин жок кылынганын айтты.

Чатаклы операцияларда 65 бункер, баш калкалоочу жай жана үңкүрдүн да талкаланганын айтты.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта да, ПКК террордук уюмуна мүчө 2 кишинин көндүрүү жолу менен багынып бергендиги билдирилди.

Жүргүзүлгөн ынандыруу иштеринин натыйжасында ПККдан качып коопсуздук күчтөрүнө багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн 1999 жана 2012-жылдары уюмга кошулуп, Иракта жүргөндөрү аныкталды.

Быйыл көндүрүү жолу менен багынып берген террористтердин саны 65ке жетти.



Тектеш кабарлар