Греция Түркиянын коммуникация моделине кызыгууда
Сотирис Сербос 24-июлда Катимерини гезитинде жарыяланган Алтундун маегин окуган грек кесиптешинин мунун зарылдыгы жөнүндө ойлонгонун кеп кылды.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Грециянын «Катимерини» гезитинде жарык көргөн рубрикасында «Грекче версиянын ишке киришин» сунуштады.
Макаланы жазган Фракия Демокрит университетинин окутуучусу жана Тышкы иштер министрлигинин cаясат пландоо бөлүмүнүн мурдагы илимий директору Сотирис Сербос 24-июлда Катимерини гезитинде жарыяланган Алтундун маегин окуган грек кесиптешинин мунун зарылдыгы жөнүндө ойлонгонун кеп кылды.
Геосаясий өлчөмү жана күчү өскөн, аймактык таасирин арттырып жаткан Түркияда 2018-жылы Коммуникация башкармалыгы түзүлгөнүнө көңүл бурган макалада, Алтун жетектеген бул мекеменин милдети эл аралык аренада түрк брендин бекемдөө экени белгиленген.
Макалада Грециянын да бул тармактагы алсыздыгын жоюу үчүн бул ишти колго алышы керектиги айтылып: «Түркия кылгандай стратегиялык байланышты улуттук коопсуздук үчүн саясат куралдарына кошушубуз керек»,-деп баа берди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.