Министр Чавушоглу: «Биринчи кеме жөнөп кетти»

Министр Чавушоглу социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

1861927
Министр Чавушоглу: «Биринчи кеме жөнөп кетти»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, украин данынын Кара деңизден коопсуз ташылышынын алкагында биринчи кеменин Украинадан жөнөп кеткенин билдирди.

Министр Чавушоглу социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Украин данын Кара деңиз аркылуу коопсуз ташуунун алкагында биринчи кеме Украинадан жөнөп кетти. Процесстин үзгүлтүксүз жана көйгөйсүз уланышын каалайбыз. Бул темада өз милдетибизди аткарууну улантабыз. Келишим ок атууну токтотууга жана туруктуу тынчтыкка алып келет деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да социалдык медиадан билдирүү жасап: «Түрк дипломатиясынын абдан маанилүү жетишкендиги болгон дан эгиндерин ташуу башталды. Түркиянын тең салмактуулук саясаты дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун жана баалардын туруктуулугун камсыз кылууда. Бул сезимталдуу процессти жүргүзүп жатканда (Орусия-Украина) согушту токтотуу аракеттерибиз да уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар