Ибрахим Калын: «Украинадан эгин ташыган биринчи кеме эртең жолго чыгат»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жеке менчик бир телеканалда күн тартипке байланыштуу баа берүүлөрдү жасады.

1861673
Ибрахим Калын: «Украинадан эгин ташыган биринчи кеме эртең жолго чыгат»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Украинадан эгин ташыган биринчи кеме эртең жолго чыга аларын айтты.

Калын жеке менчик бир телеканалда күн тартипке байланыштуу баа берүүлөрдү жасады.

Ибрахим Калын Украинадан эгин ташый турган кеме жөнүндө, «Сүйлөшүүлөр уланууда. Эртең эртең менен биринчи кеме жөнөйт окшойт», - деди.

Одесса портунан кемелердин чыгышы үчүн белгилүү этапка жеткенин белгилеген Калын: «Кемелерге жүк жүктөлдү. Баары даяр. Кичинекей кемчиликтери бар. Биринчи кеме эртең эртең менен чыга алат»,-деп айтты.

Украин эгинин ташыган кемелердин Түркиянын аймактык сууларына 3-августта жетиши күтүлүүдө.

Жүк Стамбулда түзүлгөн Биргелешкен координациялык борбордон башкарылат.

Кемелер жолго чыккандан баштап спутник, интернет жана башка байланыш элементтери аркылуу байкоого алынат.

Текшерүү топтору тиешелүү жерлерге дайындалат.

Бош же жүгү дан эмес кемелерге Украинанын портторунан чыгууга тыюу салынат.

Сигналдарын өчүргөн жана ачык маалымат бербеген кемелер да Түркиянын аймактык сууларына киргизилбейт.



Тектеш кабарлар