Мевлүт Чавушоглу : "Террордук уюмдарга кучак ачуу союздаштык рухуна туура келбейт"

Чавушоглу менен Германиянын Тышкы иштер министри Анналена Баербок Тышкы иштер министрлигинин Стамбул өкүлчүлүгүндө  биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

1861384
Мевлүт Чавушоглу : "Террордук уюмдарга кучак ачуу союздаштык рухуна туура келбейт"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу акыркы мезгилде Германияда жикчил террордук уюм ПККнын иш-аракеттеринин күчөгөндүгүн айтып : "Террордук уюмдарына кучак ачуу союздаштык рухуна туура келбей тургандыгын дагы бир жолу баса белгилегим келет",- деди. 

Чавушоглу менен Германиянын Тышкы иштер министри Анналена Баербок Тышкы иштер министрлигинин Стамбул өкүлчүлүгүндө  биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү. 

Министр Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө эки тараптуу сүйлөшүүдө террор менен күрөшүүнүн талкуулангандыгын айтып буларды белгиледи : "Террор тууралуу тынчсызданууларыбызды аларга да билдирдик.  ПКК, ЙПГ, ПЙД жана ФЕТӨ баш болгон башка террордук уюмдарга кучак ачылышынын союздаштык рухуна туура келбей тургандыгын дагы бир жолу бул жерде баса белгилегим келди. 

Тилекке каршы акыркы мезгилдерде тизмени, урматтуу Баербокко бердим. Германияда ПККнын иштеринин күч алгандыгын көрүп жатабыз. 

Штутгарт башкы консулдугубузга таандык бир унаа өрттөлгөндөн кийин  немис мекемелерине реакциябзды да күтүүлөрүбүздү да билдирдик".

Министр Чавушоглу сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Греция менен Эгей жана Жер Ортолук деңизинде карама  - каршылыктардын бар экендигин айтып : "Бирок талаш  - тартыштуу болгон темаларда пропагандаларга ишенип тараптуу болуу туура эмес.  Германиядан биздин күткөн нерсебиз бул эмес",- деди. 

Чавушоглу Чыгыш Эгей аралдарынын аскердик эмес статусуна байланыштуу эл аралык келишимдерди эске салып : "Бул аралдар Грецияга 1923 - жылдагы Лозанна жана 1947 -  жылдагы Париж тынчтык келишимдери менен берилди бирок айрым аралдар үчүн шарт коюлган. Греция буларды куралдандыра албайт бирок Греция бул келишимдерди бузуп, куралдандырууда. Эл аралык мыйзамдан сөз кыла турган болсок Грецияга Европа Биримдиги өлкөсү деп жаңылыштык кылса да ээ чыгуу туура эмес",- деди. 

 



Тектеш кабарлар