Чавушоглу грузиялык кесиптеши менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Чавушоглу Грузиянын тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили менен жолугушкандан кийин инистрликтин Стамбул өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

1860833
Чавушоглу грузиялык кесиптеши менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Украинада туруктуу ок атышпоонун түзүлүүсү үчүн үчүнчү өлкөлөрдүн да колдоо көрсөтүүсү керектигин айтып: «Акыры бул согуш дипломатиялык столдо бүтөт»,-деди.

Чавушоглу Грузиянын тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили менен жолугушкандан кийин инистрликтин Стамбул өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

Грузияда олуттуу көлөмдө түрк инвестициясы бар экенин жана Дарчиашвили менен болгон жолугушууда түрк фирмаларынын абалын да сүйлөшүшкөнүн белгилеген Чавушоглу, Украинадагы согуштан улам Орусия жана берки өлкөлөргө түрк продукциясын ташыган жүк ташуучу унаалардын Грузиянын жерлерин көбүрөөк колдоно баштагандарын белгиледи.

Жүк ташуучу унаалардын Грузияда кээ бир кечигүүлөргө туш болгонун, бирок Тбилиси башкаруучулугунун маселенин чечилиши үчүн колунан келген жардамын бергенин айткан Чавушоглу, кесиптеши менен бул кечигүүнүн кантип чечиле аларын сүйлөшкөндөрүн билдирди.

24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна токтолгон Чавушоглу Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 22-июлда кол коюлган «Украина портторунан эгин жана азык-түлүктүн коопсуз ташылышы демилгеси документинин» бир гана азык-түлүк экспортундагы тоскоолдукту жоюу үчүн жасалган кадам эмес экенин белгилеп: «Эгер ийгиликтүү ишке ашса, бул эки тарап үчүн абдан олуттуу ишенимди арттыруучу чара болот»,-деп баа берди.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Украина менен Орусиянын ортосунда лидерлер деңгээлинде туруктуу ок атышпоону түзүү үчүн жолугушууларынын үзгүлтүксүз уланып жатканын маалымдаган тышкы иштер министри: «Үчүнчү өлкөлөр да колдоо көрсөтүшү керек. Согушта жеңилген же жеңүүчү болбойт. Ар бир адам утулат. Адилеттүү тынчтык орнотулса болду. Акыр-аягы бул согуш дипломатиялык столдо бүтөт. Түркия катары биз тараптарды дипломатиялык үстөлгө мүмкүн болушунча тезирээк кайтаруу үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар