Стамбулда «Дан ташуу» келишимине кол коюлду

Бүгүн Стамбулда президент Эрдоган, Украина жана Орусиянын тараптары жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда «Дан ташуу» келишимине кол коюу аземи өттү.

1858455
Стамбулда «Дан ташуу» келишимине кол коюлду
thumbs_b_c_f03551b472ef3705206d2fc1aa7e467a.jpg
Erdoğan Ukrayna Rusya Tahıl.jpg
Ərdoğanın himayəsi ilə Türkiyə, Rusiya, Ukrayna və BMT arasında Ukrayna limanlarından taxıl məhsullarının daşınmasına dair sənəd.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«(Эгин ташуу келишими) Макулдашылган текст менен биз дүйнөдө миллиарддаган адамдарды күтүп жаткан ачкачылык коркунучунун алдын алууга салым кошобуз»,-деди.

Бүгүн Стамбулда президент Эрдоган, Украина жана Орусиянын тараптары жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда «Дан ташуу» келишимине кол коюу аземи өттү.

«Биз бүткүл дүйнөнү көптөн бери ээлеп келген глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилишинде чоң роль ойной турган демилгенин ролу болгонубуз менен сыймыктанабыз»,-деп айткан Эрдоган: «Жакынкы күндөрдө баштала турган кеме кыймылы менен Кара деңизден дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жаңы дем алуу системасын ачкан болобуз»,-деп өз баасын берди.

Эрдоган сөзүн: «Кемелердин жөнөп кетүүсүнөн баштап, аман-эсен бара турган портуна жетүүгө чейинки бардык процесстер макулдашылды. Бул өтө маанилүү пландын аткарылышы жана көзөмөлү Стамбулда түзүлө турган биргелешкен координациялык борбор тарабынан ишке ашырылат»,-деп улантты.

Гутерриш болсо өз сөзүндө: «Бүгүн Кара деңизде дүйнөгө мурдагыдан да көбүрөөк муктаж болгон үмүт шооласы бар. Түркия Республикасы, урматтуу президент Режеп Таййип Эрдоган, бул процесстин ар бир этабында, ар бир баскычы сиздин өжөр мамилеңиздин аркасында болду. Бул келишимге чындыгында бүткүл дүйнө үчүн кол коюлууда»,-деп айтты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Эрдогандын карамагында Түркия, Орусия, Украина жана БУУнун ортосунда Украина портторунан дан азыктарын жөнөтүү боюнча документке кол коюлду.

 



Тектеш кабарлар