Эрдоган Кипр тынчтык операциясы боюнча билдирүү жарыялады

Президент Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татарга Кипр тынчтык операциясынын 48 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

1857173
Эрдоган Кипр тынчтык операциясы боюнча билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кипр Тынчтык операциясынын 48 жылдыгын куттуктады.

Эрдоган, операциянын 48 жылдыгына карата социалдык медиа эсебинен жарыялаган билдирүүсүндө: «Аралдын эгемен, тең жана орток ээси болгон Кипр Түрк элинин укуктарын, мыйзамын, бар экенин жана эгемендигин жок кылуу аракетин түбөлүккө көмгөн Кипр Тынчтык операциябыздын 48 жылдыгын куттуктайм. Ыйык шейиттерибизди ырайым менен жана баатыр ардагерлерибизди ыраазычылык менен эскерем»,-деп жазды.

Бир тараптан президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркиянын өсүп келе жаткан аймактык жана глобалдык ролу, албетте, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын келечеги үчүн эң чоң кепилдик болуп кала берет»,-деди.

Президент Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татарга Кипр тынчтык операциясынын 48-жылдыгына байланыштуу куттуктоо жөнөттү.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө төмөндөгү сөздөрдү айтты:«Аралдын эгемен, тең жана орток ээси болгон Кипр Түрк элинин укуктарын, мыйзамын, бар экенин жана эгемендигин жок кылуу аракетин түбөлүккө көмгөн Кипр Тынчтык операциябыздын 48 жылдыгына карата улутумдун жана жеке өзүмдүн атымдан аралдын жана кипрлик түрктөрдүн тынчтык жана эркиндик чөйрөсүнө жетишкендигин белгилеп, сиздерди жана бардык Кипр түрк элин чын жүрөктөн чыккан сезимдерим менен куттуктайм.

Тарыхый процессте тынчтыкка жана чечкиндүүлүккө берилгендигин ар дайым далилдеген Кипр түрк калкы алар дуушар болгон укуктук жана адамгерчиликсиз чектөөлөргө карабастан, биримдик жана колдошуу аң-сезими жана мыйзамды сактоо чечкиндүүлүгү менен ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө күчү жана эрки бар экенин ар дайым көрсөттү.

Ушуга байланыштуу Улуу Түрк элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Кипр Түрк элинин Тынчтык жана Эркиндик күнүн чын жүрөктөн куттуктайбыз, бул куттуу күрөштө өз өмүрлөрүн аябаган шейиттерибизди ырайым жана ыраазычылык менен жана баатыр ардагерлерибизди терең ыраазычылык жана урматтоо менен эскеребиз. Кипр түркү туугандарыбыздын өнүгүү, эсендик жана бакубат жашоосунун түбөлүккө уланышы үчүн эң жакшы каалоолорумду жиберем»,-деди.



Тектеш кабарлар