Алтун видеолуу "Кипр" билдирүүсүн жарыялады

Алтун Кипр тынчтык операциясынын 48-жылдыгына байланыштуу социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

1857355
Алтун видеолуу "Кипр" билдирүүсүн жарыялады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Кипр түрктөрүнө системалуу түрдө жок кылуу саясаттарына «токто» деп баатырларча күрөшкөн жана Кипрдин эгемендигин камсыздаган шейиттерди жана ардагерлерди операциянын 48-жылында ырайым жана ыраазычылык менен эскергендерин айтты.

Алтун Кипр тынчтык операциясынын 48-жылдыгына байланыштуу социалдык медиа эсебинен бөлүштү.

Алтун билдирүүсүндө Кипр тынчтык операциясы тууралуу видеого да орун берип: «Кипр Түрктөрүнө карата системалуу түрдө кыйратуу саясаттарын токтотуу үчүн баатырларча күрөшкөн жана Кипрдин эгемендигин камсыздаган шейиттерибизди жана ардагерлерибизди Операциянын 48-жылында ырайым жана ыраазычылык менен эскеребиз»,-деди.

Видеодо кылымдар бою түрк мекени болгон Кипрде жашаган мекендештердин 1950-1974-жылдар аралыгында расист рум бандаларынын кол салууларынын курмандыгы болгондугу, миңдеген кипрлик түрктөрдүн жаш-карысы, аялдары жана балдары мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү эске салынды.

Кипрди Грецияга туташтыруу идеясы болгон Энозисти алып келүүнү каалаган «фашисттик» уюмдардын Кипрде төңкөрүш менен бийликке келүү аракетине каршы, Түркиянын ар кандай эл аралык кысымдарга карабастан  1974-жылдын 20-июлунда Кипр тынчтык операциясын баштаганы белгиленген видеодо, Аралда тынчтык жана ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн башталган операциянын бир айга жетпеген убакытта ийгиликтүү аяктаганы баса белгиленди.

Видеодо:«Биринчи күндөн тарта сүйлөшүү жолун карманган Түркия, аскердик операциядан кийин саясий чечим үчүн ташталган дипломатиялык кадамдарга да жол башчылык кылды. Түркия жарым кылымдан бери федерация чатыры астында эки мамлекеттүү чечимдин аралда тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн маанилүү экенин айтып келгени менен, туруктуу чечим үчүн ташталган ар бир кадам өткөндөн сабак албаган тарап Кипр румдарынын реалдуу эмес талаптарынын натыйжасында ийгиликсиз аяктады. Түркия бөгөт коюучу армиясынан алган күчү жана улутунун чечкиндүүлүгү менен аралдагы адилетсиздикти жана Кипр түрктөрүнө каршы адилетсиз блокаданы токтотуу үчүн дипломатиялык күрөшүн улантат»,делди.



Тектеш кабарлар