Кызыл эскертүү менен издөөдө жүргөн террорист жок кылынды

Бул тууралуу Ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык медиа эсебинде маалымат бөлүштү.

1856075
Кызыл эскертүү менен издөөдө жүргөн террорист жок кылынды

Эл аралык полиция уюму (Интерпол) тарабынан кызыл эскертүү менен издөөдө жүргөн жана Ички иштер министрлиги тарабынан «Терроризмге издөө салынгандар тизмесинде» кызгылт сары категорияда болгон каймана аты Азат Кендал болгон Нежати Утку жок кылынды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык медиа эсебинде кызыл бюллетен менен издөөдө жүргөн жана кызгылт сары категориядагы «Азат Кендал» каймана аттуу Нежати Утку менен жикчил террордук уюм ПККнын бир мүчөсүнүн Коопсуздук чалгындоо бөлүмү менен Диярбакыр полиция башкармалыгынын операциясынын натыйжасында зыянсыздандырылганын  жарыялады.

Министр Сойлу:«Биз көптөн бери (террористтин) артынан жүрдүк. Полициянын чалгындоо жана Диярбакыр полициясынын ийгиликтүү операциясы менен жандармериянын акыркы соккусу урулду. Көптөгөн окуялардын аткаруучусу, кызыл эскертүү менен издөөдө жүргөн, кызгылт сары категориядагы Азат Кендал каймана аттуу Нежати Утку Кираз жана 1 террорист жок кылынды. Ийгилик, баатырлар»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар