Эрдоган Иранга барат

Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы маалымат берди.

1855962
Эрдоган Иранга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Раисинин чакыруусу менен бул өлкөгө барат.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, расмий сапардын алкагында Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жетинчи жыйыны 19-июлда борбор шаар Тегеранда президент Режеп Таййип Эрдоган жана Иран Ислам Республикасынын Президенти Ибрахим Раисинин жетекчилигинде өткөрүлөт.

Кеңеш жыйынында Түркия-Иран карым-катнаштары ар тараптан каралып, эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.

Жолугушууларда аймактык жана глобалдык маселелер боюнча да пикир алмашуу болот.

Президент Эрдоган ошол эле күнү Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин катышуусунда Ирандын президенти тарабынан өткөрүлө турган «Астана форматындагы жетинчи үч тараптуу саммитке» катышат.

Саммитте Сириядагы учурдагы абалдар, аймактын коопсуздугуна коркунуч туудурган террордук уюмдар, өзгөчө бул өлкөдөгү ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ менен күрөшүү, саясий чечүүчү жол аракеттери, гуманитардык абал жана сириялыктардын өз өлкөлөрүнө ыктыярдуу кайтып келиши талкууланат.

Президент Эрдоган саммиттен улам орус кесиптеши менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.



Тектеш кабарлар