Президент Эрдоган Иранга барат

Жолугушууларда аймактык жана глобалдык маселелер, ошондой эле эки тараптуу карым-катнаштар боюнча пикир алмашуу болот.

1855928
Президент Эрдоган Иранга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирандын президенти Ибрахим Раисинин чакыруусу менен 2022-жылдын 18-19-июлунда Иранга расмий сапар менен барат.

Президенттиктин билдирүүсүнө караганда; сапардын алкагында Түркия-Иран Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жетинчи жыйыны 19-июлда борбор шаар Тегеранда президент Эрдоган менен Ирандын президентинин жетекчилигинде өткөрүлөт.

Тиешелүү министрлердин катышуусунда боло турган Кеңеш жыйынында Түркия-Иран карым-катнаштары ар тараптан каралып, эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу үчүн таштала турган кадамдар каралат.

Жолугушууларда аймактык жана глобалдык маселелер, ошондой эле эки тараптуу карым-катнаштар боюнча пикир алмашуу болот.

Президент Эрдоган ошол эле күнү Ирандын президентинин кожоюндугунда жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин да катышуусунда Тегеранда өтө турган Астана форматындагы жетинчи үч тараптуу саммитке катышат.

Саммитте Сириядагы учурдагы абалдар, аймактын коопсуздугуна коркунуч туудурган террордук уюмдар, өзгөчө ПКК/ЙПГ жана ДЕАШ менен күрөшүү, саясий чечүүчү жол табууга карай аракеттер, гуманитардык абал жана сириялыктардын өз өлкөлөрүнө өз ыктыяры менен кайтып барышы талкууланат.

Президент Эрдоган саммиттен улам орус кесиптеши менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.



Тектеш кабарлар