Эрдоган - Алиев сүйлөшүүсү

Азербайжандын президенти Алиев 15 -  Июль Демократия  жана улуттук биримдик майрамынан улам президент Эрдоган жана түрк элин куттуктады.

1855595
Эрдоган  -  Алиев сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Азербайжандын президенти Алиев 15 -  Июль Демократия  жана улуттук биримдик майрамынан улам президент Эрдоган жана түрк элин куттуктады. 

15 -  июлда шейит болгондорго Аллахтан ырайым, ардагерлерге ден соолук каалаган Алиев Фетуллахчы террордук уюмдун төңкөрүш кыймылына каршы Түркиянын мамлекет жана улут катары ортого салган күрөшүнүн чоң каармандыктын үлгүсү экендигин айтты. 

 

Президент Эрдоган да Азербайжандын президенти Алиевге  ыраазычылык  билдирди.

Президент Эрдоган Түркия менен Азербайжандын жаман жана жакшы күндөрдө  биримдикте болуу менен чыныгы боордоштук тилектештигин көрсөткөндүгүн белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар