Алтун 15-Июль шейиттерин эскерди

Бул тууралуу Фахреттин Алтун социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

1855319
Алтун 15-Июль шейиттерин эскерди

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинде шейит болгондорду таазим кылуу менен эскерди.

Бул тууралуу Фахреттин Алтун социалдык тармактагы баракчасында бөлүшүп: «Түркия сүйүүсү булганбашы үчүн төңкөрүшчүлөргө көкүрөгүн тоскон элди элестетиңиз. Мекен үчүн, желек үчүн шейиттиктен коркпой даап барган бир элди ойлоңуз. 15-Июль шейиттерибизди таазим кылуу менен эскерем»,-деп жазды.

Алтун Президенттиктин коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган видеону да бөлүштү.

Видеодо «Шейиттерибизди таазим кылып жана ыраазычылык менен эскеребиз. Алардын жолунда тынымсыз иштеп жатабыз. Түркия үчүн!» деген билдирүүлөр камтылган.



Тектеш кабарлар