Эрдоган - Герцог сүйлөшүүсү
Исаак Герцог президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып, Курман айт майрамы менен куттуктады.
1853480
![Эрдоган - Герцог сүйлөшүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f1e5/1a5b/ec2a/626f7f0203fd3.jpg?time=1718583712)
Израилдин президенти Исаак Герцог президент Режеп Таййип Эрдоганга телефон чалып, Курман айт майрамы менен куттуктады.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Израилдин президенти Герцог Курман айт майрамынан улам президент Эрдоганга телефон чалды.
Түркия-Израиль карым-катнаштары жана аймактык маселелер да каралган сүйлөшүүдө президент Эрдоган «Куттуу айт күндөрүнүн эки өлкөгө, аймакка жана бүткүл дүйнөгө тынчтык жана бейпилдик алып келүүсүн» каалады.
Эки лидер өз ара жоопкерчилик жана позитивдүү күн тартибинин негизинде карым - катнаштарды так кадамдарды таштоо менен алдыга жылдыруу боюнча келишти.