Акар Резников менен сүйлөштү

Хулуси Акар Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1853751
Акар Резников менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Украинада тынчтыкты орнотуу жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө ушул убакка чейин кылган милдетин уланта турганын айтты.

Хулуси Акар Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө министр Акар Украинада ок атышпоонун тез арада жарыяланышы керектигин баса белгиледи.

Акар украиналык кесиптешине Түркиянын Украинада тынчтыкты ортонуу жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө ушул убакка чейин кылган милдетин аткарууну уланта турганын айтты.

Мындан тышкары, сүйлөшүүдө А400М үлгүсүндөгү учактардын Түркияга коопсуз жетүүсүн камсыздоо маселеси талкууланды.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар