AFAD Ооганстандагы катуу жер титирөөдөн жабыр тарткандарга азык-түлүк жардамын берди
Жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан Пактика провинциясынын Гиян районунда үйлөрү кыйраган же зыян тарткан 250 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамдары берилди.
Ички иштер министрлигинин Апаат жана чукул кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) Ооганстандагы катуу жер титирөөдөн жабыркаган 250 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамын берди.
Жер титирөөдөн катуу жабыр тарткан Пактика провинциясынын Гиян районунда үйлөрү кыйраган же зыян тарткан 250 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамдары берилди.
Бул жардамдын, Ооганстандагы гуманитардык кризистин жеңилдетилишине салым кошуу максатында Түркиядан жиберилген «Жакшылык поезддери» алып барган чай, май, шекер, буурчак жана ар түрдүү тамак-аш азыктарын камтыган 25 килограммдык пакеттерден турганы билдирилди.
AFAD тобунун жетекчиси Тунжели провинциясынын директору Жем Эрдоган: «Жакшылык поезддеринин алкагында жер титирөө жана сел болгон аймактарга жардамдарды жеткирүү иштери улантылат. Чатыр орнотуу, жууркан, төшөк жана тамак-аш сыяктуу ар кандай жардамдарды берүүнү улантабыз. Гигиеналык материалдарды камтыган жардамдарды да беребиз»,-деди.
22-июнда Ооганстандын чыгышында болгон 5,9 баллдык жер титирөөнүн кесепетинен 1200гө жакын адам каза тапкан.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.