Эрдоган Малайзиянын премьер-министрин расмий азем менен тосуп алды
Президент Эрдоган Якубду Президенттик комплекстин негизги кире беришинде тосуп алды.
1853322
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Исмаил Сабри Якубду расмий азем менен тосуп алды.
Якуб отурган расмий унааны борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплекстин алдындагы көчөдө тосуп алган атчандар, унааны протокол дарбазасына чейин узатышты.
Президент Эрдоган Якубду Президенттик комплекстин негизги кире беришинде тосуп алды.
Бетме-бет жолугушууга өткөн Эрдоган менен Якуб делегациялар ортосундагы жолугушуулардан кийин келишимдерге кол коюу аземине катышат жана биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.