Эрдоган: «Эгин коридору боюнча сүйлөшүүлөрүбүздү активдештирип, жыйынтык чыгарууга аракет кылабыз»

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарага келген Италиянын премьер-министри Марио Драги менен Президенттик комплексте жекеме-жеке жолугушуу, өкмөттөр аралык саммит жана келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1852393
Эрдоган: «Эгин коридору боюнча сүйлөшүүлөрүбүздү активдештирип, жыйынтык чыгарууга аракет кылабыз»
erdogan-dragi dostluk konserini izledi.jpg
erdogan-draghi konser.jpg
erdogan-dragi dostluk konserini izledi.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кара деңиздеги эгин коридору маселеси боюнча: «Сүйлөшүүлөрүбүздү бир жума – 10 күндүн ичинде активдештирип, жыйынтык чыгарууга аракет кылабыз»,-деди.

Президент Эрдоган расмий сапарынын алкагында борбор шаар Анкарага келген Италиянын премьер-министри Марио Драги менен Президенттик комплексте жекеме-жеке жолугушуу, өкмөттөр аралык саммит жана келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган Драги менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурушкандарын айтып: «Жер Ортолук деңизинин эки өлкөсү катары аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмаштык. Көп тармакта мамилелерибиздин институционалдашуусун бекемдей турган 9 келишимге кол койдук. Экономикалык жана соода мамилелерибиз Кудайга шүгүр, күндөн-күнгө жакшырып баратат. Эпидемияга карабастан, соода көлөмүбүз өткөн жылы 34 пайызга өсүү менен рекорддук деңгээлге жетип, 23 миллиард доллардан ашты. Биздин эки тараптуу соодабыздын бир өзгөчөлүгү тең салмактуу болгондугу. Учурдагы көрсөткүчтөр 25 миллиарддык босогодон оңой эле аша турганыбызды көрсөтүүдө»,-деди.

Бир журналисттин эгин маселеси боюнча суроосуна Эрдоган өзгөчө Кара деңиз коридорунун чоң мааниге ээ экенин айтты.

Бул темада Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин мамилесинин маанилүү экенин белгилеген Эрдоган сөзүн: «Биз сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз, анткени бул дан, буудай болобу, арпа болобу же күн карама майы болобу дүйнөгө ташуу маселеси турат. Мисалы, учурда бизде бул маселелер боюнча кыйынчылык жок, бирок дүйнөдө тартыштык бар.  Өзгөчө Африкада олуттуу көйгөй бар жана биз бул жаатта эки лидер менен тең сүйлөшүп ортомчулук кылып жатабыз жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жол башчылыгы астында мырза (Башкы катчы Антонио) Гутерриш менен сүйлөшүп, муну улантууну каалайбыз. Сүйлөшүүлөрүбүздү бир жума – 10 күндүн ичинде активдештирип, жыйынтык чыгарууга аракет кылабыз»,-деп улады.

Марио Драги болсо Анкаранын Кара деңиз аймагына эгин коридорун ачуу аракетинин мактоого татырлык экенин, БУУнун коридорго байланыштуу үстүндө иштеп жаткан планында Түркиянын борбордук ролу бар экенин айтты.

Италиянын түндүк-чыгышындагы Альп тоолорунда жекшемби күнү муз катмарынын урашынан каза болгондорго көңүл айтып, жаралангандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган Эрдоган, өткөн айда 4 түрк жараны каза болгон Тосканадагы тик учак кырсыгынан кийин италиялык бийликтер тарабынан көрсөтүлгөн кызматташтык үчүн конок премьер-министрге ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган андан кийин Италиянын премьер-министри Марио Драгинин урматына расмий кечки тамак берди.

Эрдоган менен Драги Президенттик симфониялык оркестрдин (CSO) Италия-Түркия достук саммитинин атынан атайын даярдалган концертин да көрүштү.



Тектеш кабарлар