Андерссон: "Түркия менен түзүлгөн келишимге баш ийебиз"

Магдалена Андерссон, Almedalen саясат форундагы билдирүүсүндө, аты аталган келишимдин мазмуну тууралуу маалымат бербей турганын билдирип: «Түркия менен түзүлгөн келишимге жана өткөрүп берүү боюнча келишимге баш ийебиз»,- деди.

1851274
Андерссон: "Түркия менен түзүлгөн келишимге баш ийебиз"

Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон Түркия менен түзүлгөн келишимге жана террористтерди өткөрүп берүү келишимине баш ийе тургандарын айтты.

Магдалена Андерссон, Almedalen саясат форундагы билдирүүсүндө, аты аталган келишимдин мазмуну тууралуу маалымат бербей турганын билдирип: «Түркия менен түзүлгөн келишимге жана өткөрүп берүү боюнча келишимге баш ийебиз»,- деди.

Террордук кыймылдарга аралашпагандардын тынчсызданбашы керектигин айткан Андерссон : «Швециянын жараны болгондор улуттук жана эл аралык мыйзамдарга ылайык өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес. Террордук кыймылдарга катышпаган болсоңуз тынчсыздануунун кереги жок»,-деди.

Андерссон өткөн жумада Испанияда өткөн НАТОнун лидерлер саммитинен мурда Түркия менен кол коюлган үч тараптуу меморандумда Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк процесстерине байланыштуу Түркияга чоң жеңилдиктер берилгендиги жана коомдук пикирде катуу сынга алынгандыгына байланыштуу суроолорго болсо жооп берген жок.



Тектеш кабарлар