"Эрен блокада - 2 " операциясында 4 террорист жок кылынды

Ички иштер  министрлиги да аймакта операциялардын улантылып жаткандыгын маалымдады.

1849421
"Эрен блокада  - 2 " операциясында 4 террорист жок кылынды

Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел  - Кулпу" жана "Чеңгел  -  Жолборс" операция аймактарында аныкталган ПКК террордук уюмдун 6 мүчөсү жок кылынды. 

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер эсебинен берилген маалыматта : "Чарчоо, токтоо деген нерсе жок. Күрөшүүнү улантабыз! "Чеңгел  -  Кулпу" жана "Чеңгел  -  Жолборс" операция аймактарында аныкталган ПККнын 6 террористи жок кылынды. Каарман түрк куралдуу күчтөрүбүз террор уяларын жер менен жексен кылууну чечкиндүүлүк менен улантат",- деп билдирилди. 

Кечээ да Хаккаринин Кырыкдаг айылынын элетинде жүргүзүлгөн  "Эрен блокада  - 2" операциясында 4 террорист жок кылынды. 

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттерден берген кабарында : "Кача албайсыңар! Эрен блокада  - 2де Хаккаринин Кырыкдаг айылынын элетинде 28 - июнда жандармериянын атайын операция кыймылы жана жандармериянын  десанттык бөлүктөрү (J-İHA) тарабынан Ж - учкучсуз учуучу аппараттары жана Ж -  куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары (J-SİHA) колдогон операцияда 4 террористтин куралдары менен жок кылынды. Каарман балдарыбызды куттуктаймын",- деп билдирди. 

Ички иштер  министрлиги да аймакта операциялардын улантылып жаткандыгын маалымдады. 

 



Тектеш кабарлар