Түркиядагы мыйзамсыз мигранттар
Министр Сойлу Измирдеги аземде сөз сүйлөдү.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Түркияда жыл башынан бери 126 миң мыйзамсыз мигрантты кармагандарын айтты.
Министр Сойлу Измирдеги аземде сүйлөгөн сөзүндө, өлкөгө мыйзамсыз мигранттардын келүүсүнө жол бербөө үчүн тыгыз иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандарын бирок сириялык качкындарды мыйзамсыз мигранттар менен чаташтырбоо керектигин билдирди.
Сойлу 510 миң сириялыктын коопсуз аймактарга кайтып барганын айтты.
Мыйзамсыз мигранттарга да адамдык мамиле жасагандарын, бул кишилерди өлкөлөрү менен түзүлгөн келишимдердин алкагында өз мекендерине жөнөткөнүн түшүндүргөн Сойлу: «Биз жыл башынан бери 126 миң мыйзамсыз мигрантты кармадык. Британия да Руандага жөнөтмөк, жөнөткөн жок. Бирөөнү дагы жөнөтө алган жок. Биз канча адамды жөнөттүк? Жаңы жылдан бери 44 миң 933 адамды өз мекендерине жөнөттүк»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.