Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Атакуленин алдында билдирүү жасады

Министр Трасс Түркияга сапарынын алкагында Анкаранын маанилүү имараттарынын бири болгон Атакуленин алдында Украинадагы дан кризиси тууралуу маалымат берди.

1847825
Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс Атакуленин алдында билдирүү жасады

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс борбор шаар Анкаранын символдорунун бири болгон Атакуленин алдында жасаган билдирүүсүндө, Орусиянын Украина согушунда азык-түлүктү «согуш куралы» катары колдонгонун белгиледи.

Министр Трасс расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Түркияга сапарынын алкагында Анкаранын маанилүү имараттарынын бири болгон Атакуленин алдында Украинадагы дан кризиси тууралуу маалымат берди.

Видео кайрылуусун Твиттерде бөлүшүп, «Азык-түлүк эч качан согуш куралы катары колдонулбашы керек»,- деген Трасс, орус президенти Владимир Путиндин күчтөрү портторду жаап, дүйнө жүзү боюнча эгин экспортун токтоткондо гана Украинада муну көргөндөрүн айтты.

Дан кризисине чечүүчү жол табууга жардам берүү үчүн Анкарада экенин белгилеген Трасс сөзүн төмөнкүчө улантты:

«Түркия, өзгөчө азык-түлүктүн коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн негизги деңиз жолдорун ачып данды алып чыгууга жардам берүү ишибизде маанилүү стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Кырдаал чукул. Биз анын курчушуна жол бере албайбыз. Бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатабыз. Британия Түркия сыяктуу союздаштары жана өнөктөштөрү менен бир дагы кагылбаган эшик калтырбайт. Владимир Путиндин коркунучтуу согушунан жапа чеккендердин баарына жардам берүү үчүн биргелешип иштеп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар