Акар - Уоллес жолугушуусу

Улуттук коргоо минитсрлигинен берилген маалыматка караганда министр Акар Уоллести аскердик азем менен тосуп алды.

1847566
Акар  -  Уоллес жолугушуусу

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Анкарага расмий чакыруу менен келген Британиянын Коргоо министри Бен Уоллес менен жолугушту.

Улуттук коргоо минитсрлигинен берилген маалыматка караганда министр Акар Уоллести аскердик азем менен тосуп алды.

Оболу жекеме  - жеке жолугушкан Акар менен Уоллес андан кийин делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылышты.

Аймактык коргонуу, коопсуздук жана коргонуу өнөр жай тармагында кызматташуу темасында пикир алмашуулар болгон жолугушууда министр Акар Түркия менен Британиянын ортосундагы карым – катнаштардын бардык тармактарда стратегиялык өнөктөштүк негизинде уланып жатканын белгиледи.

Акар коргоо өнөр жай тармагындагы кызматташтыктын экспорттук лицензия чектөөлөрүнүн жоюлушу менен ылдамдагандыгын баса белгилеп, ПКК/ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТО сыяктуу уюмдар менен террор менен күрөшүүдө кызматташтыктын маанисине көңүл бурду.

Акар ошондой эле Украинанын көз карандысыздыгына, жеринин бүтүндүгүнө жана эгемендигине берилген колдоо менен аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун кайрадан орношу үчүн ок атышпоонун эң кыска мөөнөттө жарыяланышы керектигин белгилеп, дан маселесин чечүү аракеттеринин уланып жатканын айтты.

Жолугушууда аскердик даярдык боюнча кызматташуу иш-чараларын улантуу келишими да сөз болду.



Тектеш кабарлар