Столтенберг: «Түркия, Ирак жана Сирия менен чектеш абдан маанилүү НАТО өлкөсү»

Politico кабар сайтынын түз эфиринде суроолорго жооп берген Йенс Столтенберг, Швеция менен Финляндиянын НАТОго кайрылуулары тууралуу суроого жооп берип жатып, альянс ичинде көп жолу ар түрдүү көз караштар айтылганын айтты.

1847119
Столтенберг: «Түркия, Ирак жана Сирия менен чектеш абдан маанилүү НАТО өлкөсү»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арыздарынан Түркиянын мыйзамдуу тынчсызданууларын жана аларды чечүүгө аракет кылып жатканын айтты.

Столтенберг НАТОнун баш кеңсесинде Чехиянын премьер-министри Петр Фиала менен жолугушкандан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

28-30-июндагы Мадрид саммитинде карала турган маселелердин биринин Финляндия менен Швециянын мүчөлүк арыздары экенин эске салган Столтенберг, арыздарды «тарыхый» өнүгүү катары баалады.

Бардык союздаштардын коопсуздук маселелерин чечүүнү жана мүчөлүк процессинде прогресске жетишүүнү кааларын белгилеген Столтенберг: «Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук кооптонуусу бар. Биз Финляндия жана Швеция менен аларды чечүү үчүн иштеп жатабыз»,- деди.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг Politico кабар сайтынын түз эфиринде суроолорго жооп берип жатып, Финляндия менен Швециянын Түркиянын НАТОго мүчөлүк арыздарына байланыштуу коопсуздук маселелерин чечүү үчүн аракет кылып жатканын, мүчөлүк өтө кыска убакытта мүмкүн болбой калышы мүмкүн экенин айтты.

Йенс Столтенберг, альянс ичинде көп жолу ар түрдүү көз караштар айтылганын айтты.

Столтенберг буга мисал катары 1950-жылдардагы Суэц кризисин, 1960-жылдардагы Франциянын НАТОнун аскердик канатынан бөлүнүшүн, 1970-жылдардагы Африка жана Вьетнамдагы согуштарды жана кийинки жылдардагы Ирак согушунда союздаштардын ортосундагы пикир келишпестиктерди келтирди.

«Бул таң калыштуу эмес, анткени биз ар башка географиядагы, ар башка тарыхы бар, ар кандай саясий партиялар менен бийликте турган 30 башка өлкөбүз»,-деп айткан Столтенберг, бардык пикир келишпестиктерге карабастан шериктештердин негизги маселе болгон «бири-бирин коргоо» темасында бир пикирде экенин баса белгиледи.

Столтенберг: «Финляндия жана Швеция боюнча да макулдаша турганыбызга ишенем. Бирок биздин учурда жасашыбыз керек болгон нерсе, Түркиянын билдиргени боюнча союздаштар айткан пикир келишпестиктерди жана тынчсызданууларды отуруп алып чечүү. Биз Түркиянын террордук кол салуулардан эң көп жапа чеккен өлкө жана НАТО союздашы экенин кабыл алышыбыз керек. Түркия, Ирак жана Сирия менен чектеш абдан маанилүү өлкө. Терроризм менен күрөшүүдө абдан маанилүү роль ойногон жана ойноп жатат. Ошондой эле Кара деңиз жээгиндеги өлкө катары да маанилүү роль ойнойт. Мисалы, азыр Украинадан азык-түлүк алып чыгуу үчүн маанилүү иштерди аткарып жатат. Түркия кооптонуусун билдиргенде, албетте, биз отуруп аларды оңдоого аракет кылабыз. Биз азыр ушундай кылып жатабыз. Финляндия менен Швецияга мүмкүн болушунча тезирээк мүчө болууга мүмкүндүк берүү үчүн чечим табабыз деп үмүттөнөм»,-деди.

НАТОнун ичиндеги чечимдердин 30 мүчө өлкөнүн орток пикири менен кабыл алынганын эске салган Столтенберг, башкы катчы катары эки өлкөнүн тез арада мүчө болушун максат кылганын айтты.

 Столтенберг: «Мен буга кепилдик бере албайм, бирок бул менин максатым. Биз кирүү процесстерин караганыбызда, бардык союздаштар бир жерден баштабагандыгын эске алышыбыз керек. Биз консенсус жана жалпы тил табышыбыз керек. Биз ошол боюнча иштеп жатабыз»-деп айтты.



Тектеш кабарлар