Канзаада Салмандын Эрдоганга ыраазычылыгы жана Сауд Арабиянын маалымат каражаттарында сапар...

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги (SPA) борбор шаар Анкарадан кеткен мураскор канзаада Бин Салмандын билдирүүсүн бөлүштү.

1847188
Канзаада Салмандын Эрдоганга ыраазычылыгы жана Сауд Арабиянын маалымат каражаттарында сапар...

Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман кечээ Түркияга жасаган расмий сапарынан кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги (SPA) борбор шаар Анкарадан кеткен мураскор канзаада Бин Салмандын билдирүүсүн бөлүштү.

Бин Салман: «Мен сиздердин бир тууган өлкөңүздөрдөн кетип бара жатып, мага жана биздин делегацияга көрсөтүлгөн жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн сиздин Улуу марбаңызга терең ыраазычылыгымды жана ырахматымды билдиргим келет»,-деп айтты.

Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Анкарага болгон сапарында эки тараптуу карым-катнаштардын бекемделиши жана көптөгөн тармактарда өнүгүүсү талкууланганын билдирди.

Бин Салман Түркия-Сауд Арабия карым-катнаштарынын «аймакта коопсуздук жана ырааттуулукту арттыруу максатында эки боордош өлкөнүн кызыкчылыктарына жана укуктарына ылайык өнүктүрүлгөнүн» баса белгиледи.

Бир тараптан Сауд Арабия медиасы мураскор канзаада Мухаммед бин Салмандын Түркияга сапары жана эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый карым-катнаштарды чагылдырды.

Сауд Арабияда жайгашкан Al-İhbariye телеканалынын кабарында «Сауд Арабия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын лидерлердин ортосунда ташталган конкреттүү кадамдар менен жаңы өнүгүү жана гүлдөп өсүү доорунун жарчылары» экени белгиленди.

Түркия менен Сауд Арабиянын дипломатиялык карым-катнаштарынын ар тармактагы позициялары менен айырмаланганы тарых барактарында да түшүндүрүлгөн кабарда, эки өлкөнүн кызматташтыгынын аймактык маселелердин чечилиши жагынан маанилүүлүгү, терроризмге каршы күрөш жана аймактык стабилдүүлүктү колдоо баса белгиленди.

Кабарда мураскор канзааданын Түркияга сапары тарыхый карым-катнаштарды бардык тармакта күчтөндүрүү деген мааниге келгени белгиленген.

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги SPA да эки өлкөнүн карым-катнаштары тууралуу кабар берди.

Түркия менен Сауд Арабиянын ортосунда күчтүү жана тарыхый карым-катнаштар бар экени маалымдалган кабарда эки өлкөнүн лидерлеринин өз ара сапарлары карым-катнаштардын күчтүүлүгүн чагылдырганы белгиленди.

Сауд Арабия гезиттери менен Тышкы иштер министрлиги да Бин Салмандын Түркияга сапарын Твиттерде «Мураскор канзаада Түркияда» деген тег менен бөлүштү.



Тектеш кабарлар