Эрдоган Жонсон менен сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Түркия- Британия карым-катнаштары, өзгөчө коргонуу өнөр жайы кызматташтыгы жана 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушу баш болгон аймактык маселелер каралды.
1846356
![Эрдоган Жонсон менен сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d603/c6f5/2ab4/60c736d00c2f2.jpg?time=1718880592)
Президент Режеп Таййип Эрдоган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен сүйлөштү.
Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүндө, президент Эрдогандын Британиянын премьер-министри Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.
Сүйлөшүүдө Түркия- Британия карым-катнаштары, өзгөчө коргонуу өнөр жайы кызматташтыгы жана 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушу баш болгон аймактык маселелер каралды.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Украинадагы дан эгиндерин өлкөдөн коопсуз алып чыгуу үчүн сөзсүз чечүүчү жол табылышы керектигин баса белгиледи.