Шентоп Европага каршылык көрсөттү

Шентоп Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Салтанат залында өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

1844581
Шентоп Европага каршылык көрсөттү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Грециянын качкындарга карата адамкерчиликсиз иш-аракеттерин Европанын көз жаздымда калтырып жатканын айтты.

Омбудсмен агенттиги тарабынан даярдалган «Эгей деңизиндеги артка кайтаруулар жана чөгүп кеткен адам укуктары боюнча атайын баяндама» Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Салтанат залында өткөрүлгөн иш-чарада коомчулукка жарыяланды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Шентоп, бул маселенин жөн гана артка кайтаруу эмес адамзаттык көйгөй экенине басым жасап, буларды ишке ашыргандардын, өзгөчө Грециянын бетин ачып бүткүл дүйнөгө жарыялоо керектигин айтты.

Шентоп Омбудсмен агенттигинин бул отчетунун дүйнөлүк коомчулукка сунуштала турганын белгиледи.

Грециянын баш калкалоочуларга каршы адамкерчиликке жатпаган иш-аракеттерге барганын баса белгилеген Шентоп: «Европанын да муну көз жаздымда калтырганын ачык көрүп жатабыз»,-деди.

Европа өлкөлөрүнүн качкындарга жасаган мамилесине реакция кылган парламент төрагасы: «Кылымдар бою алар бүгүнкү күндө ээ боло турган экономикалык байлыктарын уурдап кеттиңер. Жер астындагы байлыктарын Европа менен Америкага алып кеттиңер. Алар да бул үчүн силерден бир аз бедел талап кылышууда. Алар деле гумандуу шарттарда жашагысы келет»,-деди.

Парламенттин төрагасы Шентоп, качкындарды артка түртүүгө же өлкөлөргө кирүүсүнө тоскоол болууга жумшалган акча менен бул адамдарды туулган жеринде жашатуунун жолун издөө керектигин айтты.



Тектеш кабарлар