Хулуси Акар НАТОнун штаб - квартирасында жолугушууларын улантууда

Акар АКШнын демилгеси менен өткөрүлгөн жана Украинадагы абалдар каралган «Украинанын коргонуу байланыш тобунун жыйналышына» да катышты.

1844045
Хулуси Акар  НАТОнун штаб - квартирасында  жолугушууларын улантууда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынын негизинде барган Брюсселдеги жолугушууларын улантууда. 

Министр Акар Украина жана Британиянын коргоо министрлери менен үчтүк жыйында жолугушту. Акар Британиянын коргоо министри  Бен Уоллес менен Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун жолугушуусунда аймактык коргонуу жана коопсуздук темалары боюнча маалымат алмашуу болуп, Украинадагы акыркы абал талкууланды.

Ушул алкакта Украина портторунда күтүп жаткан дан жүктөлгөн кемелерди коопсуз түрдө өлкөдөн чыгаруу жана A400M учактарынын Түркияга коопсуз ташылышын камсыздоо маселелери да талкууланды.

Хулуси Акар Грузиянын коргоо министри Хуаншер Бурчуладзе, Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен сүйлөшүп, Италиянын коргоо министри Лоренцо Герини жана Германиянын коргоо министри Кристин Ламбрехт менен да жолугушту.

Жолугушууларда эки тараптуу жана аймактык коргонуу менен коопсуздук  темаларында пикир алышууларда болушту.

Акар АКШнын демилгеси менен өткөрүлгөн жана Украинадагы абалдар каралган «Украинанын коргонуу байланыш тобунун жыйналышына» да катышты.

 

 



Тектеш кабарлар