Евробиримдиктен Түркиядагы сириялыктарга кошумча акчалай жардам

Жардамдын адистештирилген саламаттыкты сактоо, юридикалык кеңештер, психосоциалдык колдоо жана жарандык документтерге жетүү сыяктуу маселелерди чечүүгө жардам берери айтылды.

1843165
Евробиримдиктен Түркиядагы сириялыктарга кошумча акчалай жардам

Европа Биримдиги (ЕБ) Түркиядагы сириялыктарды колдоо үчүн акчалай жардам программасына 50 миллион евро кошумча каражат бөлдү.

ЕБ комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жардамдын адистештирилген саламаттыкты сактоо, юридикалык кеңештер, психосоциалдык колдоо жана жарандык документтерге жетүү сыяктуу маселелерди чечүүгө жардам берери айтылды.

Жардамдын учурда Түркияда 1,5 миллиондон ашуун кишиге акчалай жардам аркылуу колдоо көрсөткөн ЕБнын чукул социалдык коопсуздук тармагынын (ESSN) бир бөлүгү экени, ижара акысы, транспорт, тамак-аш же дары-дармек сыяктуу эң керектүү нерселерди каржылоого жардам бергени маалымдалды. 

Билдирүүдө мындай деп белгиленди:

"Жаңы 50 миллион евролук жардам 2024-жылга чейин Түркиядагы качкындарды колдоо үчүн ЕБ Комиссиясы 2021-жылдын июнь айында жарыялаган 3 миллиард евро пакетинин бир бөлүгү болуп саналат. 50 миллион евро ошондой эле 2021-жылдын декабрь айында ESSN үчүн жарыяланган 325 миллион евролук гуманитардык жардамга кошумча мүнөздө жана 2021-жылдан бери Түркияга жалпы жардам 3,34 миллиард еврого жакындады».



Тектеш кабарлар