Эрдоган: «2023-жылдын биринчи чейрегинде Кара деңиз газын улуттук өткөргүч системабызга өткөрөбүз»

Президент Эрдоган Филостогу «Кара деңиз газ кууру үчүн биринчи түтүктү деңизге түшүрүү жана ширетүү аземине» катышты.

1842649
Эрдоган: «2023-жылдын биринчи чейрегинде Кара деңиз газын улуттук өткөргүч системабызга өткөрөбүз»
erdogan karadeniz gazi 1.jpg
Cumhurbaşkanı Erdoğan Karadeniz Doğal Gazı2.jpeg
Cumhurbaşkanı Erdoğan Karadeniz Doğal Gazı.jpeg
Cumhurbaşkanı Erdoğan Karadeniz Doğal Gazı1.jpeg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кара деңиздеги жаратылыш газына байланыштуу: «2023-жылдын биринчи чейрегинде биринчи этапта өндүрүлө турган күн сайын 10 миллион метр куб жаратылыш газын улуттук өткөргүч системабызга өткөрөбүз»,-деди.

Президент Эрдоган Филостогу «Кара деңиз газ кууру үчүн биринчи түтүктү деңизге түшүрүү жана ширетүү аземине» катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын ушул убакка чейинки эң чоң жаратылыш газы болгон Кара деңиз газында критикалык баскычка жеткени үчүн толкундангандарын белгилеп, мындан 2 жыл мурун жакшы кабарды жарыялашканда, жергиликтүү газдын  2023-жылы элдин кызматына бериле турганын айткандарын эске салды.

Президент Эрдоган:«2023-жылдын биринчи чейрегинде күнүнө биринчи этапта өндүрүлө турган 10 миллион кубометр жаратылыш газын улуттук өткөргүч системабызга өткөрөбүз. Сакария газ талаасы 2026-жылы эң жогорку өндүрүшкө жетет деп үмүттөнөбүз. Бул аянтта бургулана турган 40 кудук менен күнүмдүк газ өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүздү 40 миллион метр кубга жеткирүүнү максат кылуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар