YTBнын "өлкө тышында түрктөргө карата кол салуулар" отчету

2021 – жылы өлкө тышында түрктөргө карата 316 кол салуунун болгондугу катталды.

1841541
YTBнын "өлкө тышында түрктөргө карата кол салуулар" отчету

Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгы YTB «Өлкө тышындагы түрктөрдү бутага алган кол салуулар отчетун» жарыялады.

2021 - жылы катталган кол салууларды коомчулук мененбөлүшкөн отчет түрк, англис, немис жана француз тилдеринде жарыяланды. Ушул боюнча 2021 -жылы Германияда 132, Нидерландияда 43, Францияда 38 болуп 23 өлкөдө түрктөргө карата 316 кол салуу катталды.

Өлкө тышындагы түрктөргө карата кол салууларда 2020 - жылы кеминде 36 киши жаракат алып, 2021 - жылы  45 түрк жаранынын жаракат алгандыгы аныкталды.

2021 – жылы катталган жана 22 өрт коюу окуясынын алтысында мечиттер бутага алынды.

Эң көп болгон кол салуу мурдагы жылдарда болгондой 172 учур менен «жек көрүү сөздөрү» болду. Бул окуялардын ичинде медиа жана социалдык медиада орун алган жек көрүүнү камтыган билдирүүлөр менен бирге түрктөр жана тийиштүү мекемелерге жиберилген коркутуу  каттары да орун алууда.

Отчет тууралуу YTBнын интернет сайтындагы «Жек көрүү кылмыштары жана жикчилдик менен күрөш» порталынан маалымат алууга болот.

Кыскача аты NESAM болгон портал түрктөрдүн өлкө тышында башына келген окуяларды мекемеге билдирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Өзгөчө өлкөлөрдүн бул тармактагы укуктук маалыматтарына да кирүүгө болот.



Тектеш кабарлар