Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Чехиядагы жолугушууларын улантууда
Чавушоглу бүгүн Чехиянын тышкы иштер министри Жан Липавский менен да жолугушат.
Чавушоглу Чехиянын борбор шаары Прагада 4 – Азия -Европа саясий форумуна катышты. Президенттик сарайда өткөн жана Чавушоглу да сөз сүйлөгөн форум маалымат каражаттарына жабык өттү.
Чавушоглу бул тема тууралуу соцтармактан маалымат берип : «Прагадагы Азия-Европа саясий форумунда Түркиянын учурдагы глобалдык сыноолорго карата көз карашы жана демилгечи тышкы саясатыбыздан да сөз кылдык»,- деди. Чавушоглу борбор шаар Прагада түрк жарандары жана ишкерлер менен да жолугушту.
Түркиянын Прага элчилигинин резиденциясында өткөн иш – чарада сөз сүйлөгөн Чавушоглу Түркия жана Чехиянын ортосундагы соода карым- катнаштарына да токтолду. Тышкы иштер министри : «Соодабызды 4 миллиард 400 миллион долларга чыгаруу келечектеги максаттарыбызды жогорулатуубузга себеп болду. Бул жылы 5 миллиард долларга жетебиз, бир нече жылдан кийин 10 миллиард долларга карай барабыз»,- деди.
Чавушоглу кечээ Чехия Өкүлдөр парламентинин спикери Маркета Пекарова менен да жолугушту. Жолугушууда парламенттер аралык карым-катнаштардын өнүктүрүлүшү, Украинадагы акыркы абалдар менен НАТОнун кеңейүүсү темаларын талкуулашты. Чавушоглу бүгүн Чехиянын тышкы иштер министри Жан Липавский менен да жолугушат.