Түркияда курулган машыгуу кемеси Катарга жетти

Катардын Коргоо министрлиги жазуу түрүндө маалымат берди.

1841151
Түркияда курулган машыгуу кемеси Катарга жетти

Катардын Куралдуу күчтөрү, Түркияда Анадолу кеме куруу заводу тарабынан курулган куралдуу машыгуу кемеси AL SHAMALдын өлкөгө жеткенин жарыялады.

Катардын Коргоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, борбор калаа Дохага жеткен кемеде Катардын Башкы штабынын төрагасы Салим эн-Набиттин катышуусунда азем өткөрүлгөнү жана кеме жөнүндө брифинг берилгени айтылды.

Анадолу кеме куруу заводу тарабынан курулган куралдуу машыгуу кемеси AL SHAMAL февраль айында улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана Катардын коргоо министри Халид бин Мухаммед ел-Атийе катышкан азем менен Катардын деңиз флотуна тапшырылган.

Катардын деңиз флоту 2018-жылдын март айында 4 кеменин курулушу үчүн Анадолу кеме заводу менен 3 келишимге кол койгон. Түркия AL DOHA аттуу куралдуу машыгуу кемесин 2021-жылы Катардын деңиз флотуна тапшырган.



Тектеш кабарлар