Чавушоглу: «Ар ким Түркиянын тынчсызданууларынын мыйзамдуу экенин кабыл алууда»

Чавушоглу Нидерландиянын тышкы иштер министри Вопке Хоекстра менен Президенттик комплексте жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1840053
Чавушоглу: «Ар ким Түркиянын тынчсызданууларынын мыйзамдуу экенин кабыл алууда»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүк арызына байланыштуу: «Ар ким Түркиянын тынчсызданууларынын мыйзамдуу экенин кабыл алууда жана бул тынчсызданууларды канааттандыруу керектигин айтышууда. Бул тынчсызданууларга жооп берүү үчүн да конкреттүү кадамдар ташталышы керек»,-деди.

Чавушоглу Нидерландиянын тышкы иштер министри Вопке Хоекстра менен Президенттик комплексте жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу Швеция менен Финляндиянын НАТОго кайрылуу процесси уланып жатканда, жикчил террор уюму ПККнын Европанын борбор шаарларында демонстрация жана пропагандасын улантканына жана алдыда боло турган НАТОнун лидерлер саммитине байланыштуу суроого:«Бул процессте ПКК/ЙПГнын Европа өлкөлөрүндө террордук уюмдун чүпүрөктөрү менен демонстрацияларын көбөйтүшү кокустук эмес деп ойлойбуз. Менимче алар да бул эки өлкөнүн НАТОго мүчөлүгүнө каршы, мунун артында ким турса дагы.. .»,-деп жооп берди.

Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчөлүк талабына карата Түркиянын позициясынын себептерин баары жана НАТО союздаштары билгенин белгилеген Чавушоглу, Түркиянын бардык платформалардагы позициясын негиздөөлөрү менен түшүндүрүп, аталган өлкөлөрдө террорго берилген колдоону далилдер менен көрсөткөнүн айтты.

Чавушоглу бул теманы нидерландиялык кесиптеши Хоекстра менен да сүйлөшкөндөрүн айтып: «Ар ким Түркиянын тынчсызданууларынын мыйзамдуу экенин кабыл алууда жана бул тынчсызданууларды канааттандыруу керектигин айтышууда. Бул тынчсызданууларга жооп берүү үчүн да конкреттүү кадамдар ташталышы керек»,-деди.

Хоэкстра да: «Мен Түркиянын терроризмге байланыштуу билдирүүлөрүндө туура деп ойлойм. Бул маселе менен күрөшүү үчүн ар бир өлкөнүн жоопкерчилиги бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар