Түркия Бангладешке көңүл айтты

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1838022
Түркия Бангладешке көңүл айтты

Түркия Бангладештеги жарылууда каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Бангладештин Читтагонг шаарына жакын жердеги контейнер кампасында ишемби күнү болгон жарылууда жана андан кийинки өрттө көп сандаган кишинин каза болушу жана жаракат алышынын терең кайгыга салганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Дос жана боордош Бангладеш элине жана өкмөтүнө чын дилден көңүл айтабыз, каза болгондорго Аллахтан ырайым тилеп, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз» деген сөздөр камтылды.

Бангладеш медиасынын маалыматына караганда, ишемби күнү Читтагонг шаарындагы жарылуудан жана андан кийинки өрттүн кесепетинен 49 адам каза болуп, 300дөн ашууну жаракат алды.



Тектеш кабарлар