Дос жана боордош өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Чавушоглу Түркиянын Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина жана Өзбекстан менен кылымдардан берки достук мамилеси бар экенин билдирди.

1838536
Дос жана боордош өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү
cavusoglu dost kardes ulkeler resepsiyon.jpg
cavusoglu dost kardes ulkeler resepsiyon.jpg
cavusoglu dost kardes ulkeler resepsiyon.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Украина жана Орусия менен байланышта болгондорун айтты.

Түркиянын Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Украина жана Өзбекстан менен дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата Анкарада «Дос жана боордош өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгы кечеси» өткөрүлдү.

Президенттиктин Миллет китепканасында өткөрүлгөн иш-чарага тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана аталган өлкөлөрдүн Анкарадагы элчилери менен дипломатиялык миссия өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Чавушоглу Түркиянын аты аталган өлкөлөр менен кылымдардан берки достук мамилеси бар экенин белгилеп: «Көз карандысыздыктарынан кийин бул өлкөлөр менен биринчилерден болуп мамиле түзүшүбүз бекеринен эмес»,- деди.

Евразиянын дүйнөнүн эң стратегиялык аймактарынын бири экенине көңүл бурган Чавушоглу: «Тилекке каршы, акыркы убакта бир катар сыноолорго дуушар болуп жатабыз. 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушу баарыбызга терең таасир этүүдө»,-деди.

Адилеттүү тынчтыктын тараптардын эркине байланыштуу экенин айткан Чавушоглу, Түркиянын керектүү колдоону уланта турганын баса белгиледи.

Түркиянын да дүйнө туш болгон азык-түлүк кризисин чечүү үчүн чоң аракет кылып жатканын түшүндүргөн Чавушоглу: «Биз бул маселе боюнча БУУ, Украина жана Орусия менен байланыштабыз. Шаршемби күнү (Орусиянын тышкы иштер министри Сергей) Лавров бул маселелерди талкуулоо үчүн бир делегация менен Анкарага келет. Ошондой эле кымбаттуу досум (Украинанын тышкы иштер министри) Димитрий Кулеба менен да тынымсыз байланыштабыз»,-деп билдирди.

Чавушоглу, Украина-Орусия согушунун чагылышы катары пайда болгон энергетика кризисинен Европанын азыраак таасирленүүсү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын баса белгилеп: «Өзгөчө Азербайжан да бул жагынан абдан маанилүү жоопкерчиликти өзүнө алууда»,-деди.

Чавушоглу жакынкы күндөрдө ушул маселелер карала турган Түркия-Казакстан-Түркмөнстан үч тараптуу жыйындын болоорун айтты.

Түркия менен Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстандын ортосундагы карым-катнаштардын өлчөмдөрүнө да токтолгон Чавушоглу: «Түрк мамлекеттеринин уюму биздин биргелешкен кызматташтыгыбыздын көрүнүктүү жемиши»,-деди.

Түркиянын Беларусь, Грузия, Украина жана Молдова менен достук карым-катнаштары бар экенин билдирген тышкы иштер министри, стратегиялык өнөктөш катары мүнөздөгөн бул өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн колдогондорун маалымдады.



Тектеш кабарлар