«Чеңгел-Кулпу» операциясында жараланган аскер шейит болду

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги билдирди.

1834386
«Чеңгел-Кулпу» операциясында жараланган аскер шейит болду

 

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн «Чеңгел-Кулпу» операциясында 2 аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта 27-майда террористтер менен болгон кагылышууда жараланып, ооруканага жеткирилген бир аскердин бардык кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албаганы белгиленди.

Билдирүүдө операция аймагында кечээ болгон кагылышууда жараланган бир аскердин да бүгүн эртең менен шейит болгону белгиленди.

Министрлик дагы бир билдирүүсүндө өлкөнүн коопсуздугу үчүн террористтерге каршы күрөш уланып жатканын белгилеп: «Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында террористтердин уюгун талкалап жаткан Түрк куралдуу күчтөрүбүз аймактагы дагы 6 ПКК террористин жок кылды»,-деген маалыматты берди.



Тектеш кабарлар