Чавушоглу Грецияны эскертти

Мевлүт Чавушоглу Палестина жана Израилге жасаган сапарынан кийин учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1833064
Чавушоглу Грецияны эскертти

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Греция Эгей деңизиндеги аралдарды куралдандыруудан баш тартпаса, эгемендик талашы баштала турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу Палестина жана Израилге жасаган сапарынан кийин учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Чавушоглу Грециянын 1923-жылкы Лозанна жана 1947-жылкы Париж тынчтык келишимдеринин алкагында шарттуу түрдө берилген аралдардын статусун жокко чыгаруусунун эл аралык укукка каршы экенин баса белгиледи.

Буга карабастан Грециянын аралдарды 1960-жылдан бери аскердик эмес статус менен куралдандырганына көңүл бурган Тышкы иштер министри, эгер мындан баш тартпаса, эгемендик талашы баштала турганын билдирди.

Чавушоглу: «Биз өтө олуттуубуз, блеф кылбайбыз. Греция буга баш ийбесе, бул маселени дагы да улантабыз. Грециянын кадамдары Түркияга коркунуч жаратууну максат кылууда»,- деди.



Тектеш кабарлар