Ирактын түндүгүндө террор менен күрөшүү уланууда
Бул тууралуу Улуттук Коргоо министрлиги Твиттер баракчасында жарыялады.
1832537

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Чагылган» аймагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө,«Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз террор уяларын «болоттон чеңгелдери» менен талкалоону улантууда. Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Чагылган» аймагында аныкталган жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист ок атууну колдоочу техникалар менен атылып жок кылынды»,деген сөздөргө орун берилди.
Тектеш кабарлар

Эрдоган кечээ Мармаристе токой өртү чыккан аймакка барды
Эрдоган: "Баарынан да бизди кубанткан нерсе каза болгон жана жоголгон жарандарыбыз жок",- деди.