Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Палестинада

Чавушоглу Палестина сапарында  кесиптеши Рияд ел  - Малики менен эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдарды карап чыгышты.

1831780
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Палестинада

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын көз карандысыз жана эгемендүү мамлекетке ээ болуу күрөшүндө палестиналык боордоштордун жанында болууну улантарын билдирди. 

Чавушоглу Палестина сапарында  кесиптеши Рияд ел  - Малики менен эки тараптуу карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү үчүн таштала турган кадамдарды карап чыгышты. 

Чавушоглу оккупациядагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарындагы Палестинанын тышкы иштер министрлигинин имаратында Малики менен жекеме  - жеке, андан кийин да делегациялар аралык сүйлөшүү өткөрдү. 

Чавушоглу өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында Палестина мамлекеттик мекемелеринин жана экономикасынын күчтөндүрүлүшү үчүн эмнелерди аткара аларын карап жана 10 келишимге кол коюшкандарын айтты. 

Түркиянын Палестина доосуна берген маанинин баары тарабынан билингендигин баса белгилеген Чавушоглу : "Көз карандысыз жана эгемендүү бир мамлекетке ээ болуу үчүн күрөштө палестиналык боордошторубуздун жанында болууну улантабыз",- деди. 

Чавушоглу, кабыл алынган эл аралык параметрлердин негизинде 1967-жылдагы чек араларда борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетинин курулушунун маанилүү экенин баса белгилеп : "Эки мамлекеттүү чечүүчү жол  көз карашынан эч ким алыстабашы керек. Палестина маселеси ушул жол менен гана чечиле алат. Бул багытта Түркия катары бизге түшкөн милдетти аткарууну улантабыз",- деди.

Мевлүт Чавушоглу Израил менен  карым  - катнаштардын калыбына келишинде Палестина башкаруусу менен координацияны улантышкандарын белгилеп : "Палестина доосуна карата колдообуз Изриаль менен карым  - катнаштарыбыздан толугу менен көз карандысыз",- деди. 

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда эки тараптуу сооданын арттырылышынын жолдору каралып, июнь айынын акырында Түркия  -  Палестина биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйынынын өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды. 

Түркия Палаталар жана биржалар биримдигинин Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарында  бир өнөр жай аймагын куруу долбоору да каралды. Өзгөчө Түрк Кызматташтык жана Координация агенттиги төрагалыгынын (ТИКА) Палестина мекемелери менен кызматташуунун арттырылышы күн тартибине келгендиги бөлүшүлдү. Жолугушууда Палестина экономикасын колдоого алуунун жолдору, Палестина экономикасынын жандандырылышы үчүн көрүлө турган чаралар менен бирге Месжид  - и Аксадагы абалдар да каралды. 

Жолугушуудан кийин тараптардын Түркия - Палестина биргелешкен комитетинин жыйынын өткөргөндүгү белгиленди. 

Чавушоглу Түркиядагы университеттерди бүтүргөн палестиналыктар менен да жолугушат. Тышкы иштер министри Чавушоглунун Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас тарабынан да кабыл алынышы күтүлүүдө.  Чавушоглу эртең да Израилге кайтып, кесиптеши Яир Лапид менен эки тараптуу жана делегациялар арасында жолугушууларды өткөрөт. Жолугушууда эки тараптуу карым  - катнаштар менен бирге аймактык жана глобалдык темаларда пикир алышууларда болушу пландалууда. 

 



Тектеш кабарлар