ТРТнын башкы директору Собажынын Европа телерадиокомпанияларына чакыруусу

Европа Телерадиоберүү Биримдиги (European Broadcasting Union-EBU) ТРТнын кожоюндугунда 41 өлкөдөн 200гө жакын жогорку деңгээлдеги телерадиокомпаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн Медиа саммитинде чогулду.

1831128
ТРТнын башкы директору Собажынын Европа телерадиокомпанияларына чакыруусу
Z.Sobacı.2.jpg
Z.Sobacı.3.jpg
Z.Sobacı.4.jpg

ТРТнын башкы директору Собажы Европа телерадиокомпанияларын терроризмге каршы турууга чакырды

 

Европа Телерадиоберүү Биримдиги (European Broadcasting Union-EBU) ТРТнын кожоюндугунда 41 өлкөдөн 200гө жакын жогорку деңгээлдеги телерадиокомпаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн Медиа саммитинде чогулду. Саммитте сөз сүйлөгөн ТРТнын башкы директору Захид Собажы : «Глобалдык террор менен эң күчтүү күрөшкөн Түркиянын коомдук телерадиокомпаниясы катары булагы жана бутасына карабастан террорго каршы бекем кызматташтыкка чакырабыз»,-деди.

ТРТ да мүчөсү болгон EBU өкүлдөрү, пандемиядан улам эки жылдан бери биринчи жолу бетме-бет жыйналышта жолугушту. Стамбулда ТРТнын кожоюндугунда өткөрүлгөн EBU Медиа Саммитине ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы жана EBUнин башкы директору Ноэль Каррандан тышкары 41 өлкөдөн 200гө жакын жогорку деңгээлдеги медиа кызматкери катышты. Эки күнгө созула турган иш-чарада коомдук телеберүүнүн келечеги, чечиле турган көйгөйлөр, жаңы тенденциялар жана жаштар үчүн жеткиликтүүлүк сыяктуу көптөгөн маселелер талкууланат.

«Президентибиздин «Дүйнө бештен чоң» урааны биздин жалпы жана коопсуз келечегибизге жасала турган бирден-бир инвестициянын кыскача мазмуну».

Саммиттин ачылыш сөзүн сүйлөгөн ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы бир топ убакыттан кийин бетме-бет өткөрүлгөн 2022-жылдагы EBU медиа саммитин өткөрүү менен абдан толкунданып жаткандарын айтты. Салттуу баалууулктарыбыз болгон калыстык, акыйкаттык жана тактык санариптик медианын келечегинин да өзгөрүлгүс стандарттары болушу керектигин баса белгилеген Собажы: «Бул максатта EBU мүчөлөрү катары биз дагы адаттагыдай тилектештик духунда дагы бакубат келечек жана ошол эле учурда берүү маданиятын байытуу үчүн биргелешкен жана чыгармачыл демилгелер менен кызматташууну максат кылып, мындан ары да чыңдалып, кеңейе берээрибизге эч шегим жок. Биз бирге күчтүү экенибизди унутпайлы», - деди.

Бүгүнкү күндө эң маанилүү глобалдык медиа актерлордун бирине айланган ТРТнын 18 телекөрсөтүү каналы жана 17 радио каналы, ошондой эле 9 санарип платформасы, санариптик тиркемелери жана улуттук жана эл аралык деңгээлдеги көптөгөн иш-чаралары менен өлкөбүздөгү берүү лидери катары позициясын сактап келе жатканын айткан ТРТнын башкы директору Собажы сөзүн мындай улады:«Эми биз дүйнөнү элдерге жана географияларга карабастан бүтүндөй көрүшүбүз керек; Ар бир адам баалуу деген түшүнүк менен көз жаздымда калтыруу чечим эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын эл аралык платформаларда байма-бай айткан «Дүйнө бештен чоң» урааны дагы адилеттүү глобалдык система куруунун моттосу; баарыбыздын жалпы жана коопсуз келечегибизге жумшала турган бирден-бир инвестициянын мазмуну болуп саналат. Негизи Түркия бүгүнкү күндө дүйнөлүк тынчтыктын пайдубалы катары эң курч эл аралык темаларда лидерлери чогулган, дүйнөлүк аудитория сүйүнчүсүн күткөн, маданий жолугушуулар жана чечим сунуштары өндүрүлгөн сейрек өлкөлөрдүн бири. Бул контекстте биз EBU да көңүл бурган маселе катары жаштар менен коомдук телерадиоберүүнүн ортосундагы карым-катнашты биринчи орунга койгон изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын глобалдык маселелерге жана аларды чечүү жолдоруна көз карашын ачып беребиз».

ТРТнын эл аралык маалымат платформалары тууралуу сөз кылган Собажы: «ТРТ катары телерадио каналдарыбыз жана санарип платформаларыбыз менен дүйнөнүн 7 континентине 41 тилде жана диалектиде берүүлөрүбүздү жеткирип жатабыз. TRT World каналынан тышкары TRT German, TRT Russian, TRT Arabic санарип кабар платформаларына TRT French жакында кошулуп, эл аралык телерадио берүү үй-бүлөбүздүн эң жаңы мүчөсүнүн түптөлүшүн белгиледик. Мындан тышкары, биз Африка, Балкан жана Перс санарип кабар платформаларынын ачылышы боюнча иштерди улантып жатабыз»,-деп айтты.

 

«Терроризмдин булагы жана максаты кандай болбосун, биз ага бирге каршы турууда бекем кызматташууга чакырабыз»

Санариптештирүү процессинен көз карандысыз кризистер, көйгөйлөр жана өзгөрүүлөр жөнүндө ойлонуунун мүмкүн эмес экенин баса белгилеген Собажы EBU медиа саммитинде тарыхый чакырык жасады. Собажы: «Биз коомдук телерадиокомпаниялар катары маалыматтын булганышына, максаттуу кабылдоо операцияларына жана жалган маалыматка каршы болгон күчүбүз менен күрөшө турган маанилүү мекемелербиз. Коомдук телерадиокомпаниялар катары биздин жоопкерчилигибиз муну менен эле чектелбейт. Биз радикалдашуу, кирешелердин теңсиздиги, глобалдык терроризм, кибер коопсуздук жана экологиялык көйгөйлөр боюнча коомчулуктун маалымдуулугун көтөрүшүбүз керек. Глобалдык терроризм менен эң күчтүү күрөшкөн Түркиянын коомдук телерадиокомпаниясы катары булагы жана бутасына карабастан террорго каршы бекем кызматташтыкка чакырабыз»,-деди.

 

«Түркия сериал экспортунда Америкадан кийин экинчи орунда»

Саммитте ТРТнын сериал жана биргелешкен өндүрүштөрүнүн ийгилиги жана санариптик иштери тууралуу сөз кылган Собажы:«ТРТ сериалдарына дүйнөлүк кызыгууга көңүл бургум келет. Түркия сериал экспортунда АКШдан кийин экинчи орунда турат. Бул ийгиликте биздин мекеменин дүйнөлүк телесериалдарды сатуудагы лидерлигинин талашсыз үлүшү бар. Биздин телесериалдар, биргелешкен өндүрүштөр жана мультфильмдерибизге суроо-талап көп. Жакынкы айларда эл аралык TRT санарип видео платформабызды ишке ашыруу үчүн иштөөнү улантып жатабыз. Бул санариптик платформа жана даярдала турган жаңы мазмун бизге EBU pre-buy network системасы (алдын ала сатып алуу системасы) сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрдөн жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнөн көбүрөөк пайда алууга мүмкүндүк берет. ТРТ эпидемия мезгилинде EBU тарабынан «Мазмунга кайрылуу» деген ат менен демилгеленген, даректүү тасмалар жана драмалар сыяктуу ар түрдүү жанрдагы программа мазмуну менен акысыз программаларга ээ болгон программа бассейнине активдүү салым кошту. Мындан тышкары ТРТ эл аралык кызматташтыктарын күн өткөн сайын эффективдүү кылуу менен кино тармагында атын чыгарууда. Акыркы үч жылда ТРТнын биргелешип чыгарган көркөм тасмалары өзгөчө Канн, Берлин, Карловы Вары, Венеция, Сан Себастьян, Варшава жана Локарно фестивалдарында 300дөн ашуун улуттук жана эл аралык фестивалда болжол менен 275 сыйлыкка ээ болду. ТРТ айрыкча Эл аралык кинофестивалдарда берилген ТРТнын атайын сыйлыктары, корпоративдик өнөктөштүктөрү жана иш-чаралар менен бул тармактагы өнөктөштүккө жана кызматташтыкка салым кошууда»,-деди.

 

Саммитте сөз сүйлөгөн EBUнин башкы директору Ноэль Карран, ТРТга бул кереметтүү уюштуруусу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип: «Бирге болуу биз үчүн абдан баалуу. Бул үчүн ТРТ менен кызматташуубузду арттырабыз деген үмүттөбүз»,-деди.

 

Европадагы коомдук телерадиокомпанияларды бириктирүү максатында түзүлгөн EBU дүйнөдөгү эң маанилүү коомдук телерадио уюмдарынын бири катары мүнөздөлөт.



Тектеш кабарлар